2021-10-26

Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси


2021 жылдын 26 октябрында колледжибизде 2020-2021-жылдардын бүтүрүүчүлөрүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Ковид-19 пандемиясынан улам уюштурулбай калган бүтүрүү аземине компенсация катары өткөрүлгөн кеченин катышуучуларынын саны арбын болду.

Кесиптик жогорку мектебибиздин директору өз сөзүндө, студенттерибиздин университетибиз менен байланышын улантууга ар дайым бардык зарыл колдоолорду көрсөтүп келерин жана бул багытта тынымсыз жакшы иштерди жүргүзө тургандыгын билдирди.

Бүтүрүүчүлөрүбүзгө колледжибиздин илимий жамааты тарабынан ыраазычылык барактары тапшырылды.